|
Суу акысы
|
|
СУУ АКЫСЫ – жаратылыш байлыгын пайдалангандыгы үчүн сөзсүз төлөнүүчү салыксыз төлөмдөрдүн бир түрү. Курулуштарды, техникалык каражаттарды же дагы башка түзүмдөрдү колдонуу менен, түздөнтүз пайдалануучу уюмдар менен ишкерлер суу пайдалануу акысын төлөөчүлөр болуп саналат.
|